Бүгүн, 25-сентябрь күнү футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Азия чемпиондугуна тандап алууда биринчи беттешин өткөрөт

Бүгүн, 25-сентябрь күнү Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча 16 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Азия чемпиондугуна тандап алуу оюндары өтөт. Анда “F” тайпасында алгачкы беттеш өтүп, Кыргызстан менен Оман курама командалары беттешет. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт. Беттеш 16:30да башталат. Эске салсак, “F” тайпасында Кыргызстан, Оман, Катар жана Бангладеш командалары оюн өткөрмөк, бирок Бангладеш командасы мелдешке катышуудан баш тартканына байланыштуу “F” тайпасынан чыгууга 3 команда ат салышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.