super.kg logo

"Абийир деген барбы?". Карызды элдин эсебинен төлөө сунушуна интернет колдонуучуларынын реакциясы

 

19-октябрь күнү маалымат жыйында депутат Айнуру Алтыбаева жарандарды акча чогултуп тышкы карызды төлөөгө чакырган.

Анда парламентарий "Келечек үчүн" деп аталган атайын кампания уюштуруп, банк эсебин ачууну пландап жатканын, Айнуру Алтыбаева бул демилге өзүнө таандык экендигин билдирген.

Ага ылайык, аталган маселе социалдык тармактардагы колдонуучулар арасында кызуу талкууга алынып, эки ача пикирди жаратууда.

Көпчүлүк интернет колдонуучулар мындай сунушка караманча каршы чыкса, ынтымакташып карыздан кутулуп кетели дегендер дагы жок эмес.

Семетей Алманбетов аттуу "Facebook" колдонуучусу өзүнүн баракчасына: "Карапайым калк Кыргыз өлкөсүнүн сырткы карызын төлөөсү керек дейт. Кимде алтын же күмүш бар, алар Кыргыз алтынга өткөрүшөт. Бул нерсе, албетте, догуруунун эң жогорку баскычы", - деп жазган.

Ал эми Айбек Таласбеков аттуу интернет колдонуучу: "Мени "Кытайга төлөө үчүн акча чогултабыз" деген тайпаларга кошпой эле койгулачы, сураныч. Мен алардан эч кандай карыз алган эмесмин", - деп тамашалуу билдирүүсүн калтырган.

Ал эми төмөндөгү бул сүрөт социалдык тармактарга тарап, кызуу талкууга алынууда. Сүрөткө "Төрөлөрүң менен сенден Кытайдын карызын төлө дегендеги кебете", - деп түшүндүрмө берилген.

Айгүл Насирдинова аттуу социалдык тармактын колдонуучусу: "Депутат Айнуру Алтыбаева жарандарды мамлекеттин сырткы карызын төлөөгө үндөп жатат, өзү болсо 25 миң сом которот экен. Абийир деген барбы? Булар деген пандемия маалында эл дары-дармектен, азык-түлүктөн кыйналып жатканда 200 миң сом акчасын алып, эмгек өргүүсүнө кетишпеди беле? Андай болсо дарыгерлер 4 миң сом айлык менен иштеген", - деп жазган ал өз билдирүүсүнө.

Интернет колдонуучулар арасында карызды төлөөгө аз да болсо көмөк көрсөтөлү деген жарандар дагы жок эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
21.10.2020. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Акча которсоң аны дагы жеп кетишет
Кимсине ишенсе болот!
21.10.2020. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кече азаттыктын интервью алып жургон видеосун кордум Бишкекте 90 пайыз сурагандары орустар.Алар Кыргызстан учун биздей куйбойтко дейм толобойм дейт аларга барибирда Китай биздин жерди алавы албайбы акча бербесе болду кичине жерди алат деп ойлойтко .Мен озум берем Китайга жерибизди бербейбиз.Азырдан ушунтуп берсек кийин да карз болуп калсак Кыргызстанды чекесинен сатып жок кылатко
22.10.2020. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жемкорлорду кустуруш керек, ошолордун жеген акчалары менен эле кутулууга мүмкүнчүлүк бар бизде. Тиги мульти-миллионерди кустуруш керек, бүт ири коррупция ошол ажыдаарга барып такалат! 2010-жылы банк ячейкаларын бөлүшүп алган уБактылуу өкмөттү да кустуруш керек!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: