Ыктыярчылар бейтапты 2 сааттан ашык убакыт бою ооруканага жаткыра алышкан эмес. Министрлик бул боюнча түшүндүрмө берди
Ыктыярчылар 2 сааттан ашык убакыт бою коронавирус инфекциясынан жабыркаган бейтапты ооруканага жаткыра албай убара болгону тууралуу видео интернетке жарыяланды.
Анда видеонун автору эки тараптуу пневмония менен жабыркаган бейтапты Воронцовкадан алып баратканын, анын кан басымы жогору экенин, сатурациясы 72ге түшкөнүн айткан. "Бейтапты эч ким кабыл алган жок, жандандыруу бөлүмдөрүндө орун жок. 4 оорукана кабыл алуудан баш тартты", - деген ал.
Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен бош орундар жок деген билдирүү чындыкка дал келбей тургандыгын айтат.
"20-октябрда ыктыярчылар 54 жаштагы бейтапты ооруканаларда бош орундар жоктугуна байланыштуу жаткыра албай жаткандыгын айтып чыгышкан. Бирок алар ыкчам медицина борборуна кайрылышкан эмес. Бул тууралуу аталган борбордун жандандыруу бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов билдирди. Анын айтымында, эгер ыктыярчылар видео тарткандын ордуна "Тез жардам" борборуна кайрылышканда, бейтапты эртерээк ооруканага жаткырышмак", - деп билдиришти мекемеден.
Ошондой эле министрликтен бүгүн, 21-октябрга карата борбор калаадагы стационарларда 400дөн ашуун бош орундар бар экенин кошумчалашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
JaneEr

21.10.2020. 15:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Министрликтин башка иштери коп азыр,кресло болуштуруу менен алек.Ким олот ким калат п....аларга.Баягы эле эл кайран гана...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.