"Театралдык" гүл багындагы пианинону кайрадан сындырып кетишти



Бишкектин "Театралдык" гүл багындагы шаар тургундары үчүн коюлган пианинону кайрадан сындырып кетишти. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, пианинону кайрадан калыбына келтирүү мүмкүн эмес. Олуттуу зыян келтирилген жана жаңысына алмаштырууга туура келет.
"Бул боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылдык", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, жакында гана аталган гүл бакчада белгисиз адамдар пианинону бузуп кеткен. Мэриянын кызматкерлери алардын изи сууй электе кармоого жетишип, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Бир айдан кийин сындырып кеткен адамдар жаңы пианинону орнотушкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
-1

Ошол жака камера орнотуп койгула