ИИМ милиция кызматкерлери эмне себептен БШКга барганын түшүндүрдү
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында милиция кызматкерлери күбөлөрдү суракка алып келүүгө милдеттүү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"ИИМдин тергөө кызматы 5-6-октябрь күнү Бишкек шаарында катталган массалык баш аламандык фактысын иликтеп жатат. Иликтенип жаткан иштин алкагында, 5-октябрь күнү парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялардын лидерлери жана алардын тарапташтары Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына уруксат берилбеген митингге чыгышкан.
Массалык баш аламандыкка түрткү болгон себептерин аныктоо максатында ИИМдин криминалдык милиция кызматы 5-октябрь күнү болгон окуянын жагдайларын аныктоо боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын бардык мүчөлөрүн күбө катары суракка алуу үчүн кабарлама берүү менен камсыздоо тапшырмасы берилген", - деп жазылат маалыматта.
