Ош. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн ресурстук борбор ачылат
26-сентябрда Ош шаарында №18-мектеп-гимназиясында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн билим берүүчү ресурстук борбор ачылат. Аталган борбордун ачылышынын максаты - мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын башка балдар сыяктуу билим алуусуна шарт түзүү. Аталган долбоор Евразия фондунун каржылоосу менен ишке ашууда. Мында мектеп жашына чейинки өспүрүм балдар даярдоо курсунда билим алышат. “Учурда Кыргызстанда 26 000ден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала бар. Бирок алардын көпчүлүгүнүн билим алууга мүмкүнчүлүгү жок”,- дейт долбоордун авторлору.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

