Элтаазим, Максемус. Быйыл төрөлгөн наристелерге коюлган сейрек ысымдар (тизме)
Быйыл наристелерге эң көп коюлган ысымдардын тизмеси жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 9 айда Кыргыз өлкөсүндө 114 миң 823 төрөлгөн ымыркай наристе катталган. Алардын арасынан ысымы сейрек кезигүүчүлөр аталды.
"Ата-энелер көбүнчө уулдарына жана кыздарына Умар, Алинур, Раяна жана Амина сыяктуу эң популярдуу ысымдарды тандашат. Бирок жаңы төрөлгөн ымыркайлардын арасында 2020-жылы катталган адаттан тыш ысымдар дагы болду. Алсак, балдарга Артыкалы, Жасулан, Жайсаң, Элал, Тенгис, Алистер Белек, Добрыня, Акбалбан, Лелин, Максемус деген ысымдар берилди.
Ал эми кыздарга берилген сейрек кездешкен ысымдар: Доминика, Марсиана, Нури, Девора, Николина, Атика, Айсенэм, Белек-Айым, Элтаазим, Акылыйман, Балкыял", - деп айтылат маалыматта.

Ошондо кийин Элалова, Максемусов, Алистер Белекова болобу))
Озубуздун эле жапжакшынакай ысымдарды койсо болбойбу((