super.kg logo

Ошто жергиликтүү тургундардан опузалоо жолу менен мал-мүлкүн тартып алууга шектелип кримавторитет кармалды

 

Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан опузалап талап-тоноочулукка шектелип, мурда соттолгон 34 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун жарандык укугун коргоп берүү боюнча арыз менен кайрылган. Анда белгисиз жаран арыздануучудан коркутуу жолу менен 100 миң сом өлчөмүндө акча же 5 сотых жерин өткөрүп берүүнү талап кылганы айтылган.

"20-октябрда Ош ШИИБинин региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районуна жергиликтүү тургундарынын мал-мүлкүн коркутуу жолу менен тоноп жүргөн жаранды аныктоо иш-чаралары жүргүзүлгөн. Натыйжада 1986-жылы туулган Ж.У. аттуу жаран опузалоо жолу менен 10 миң сом акчаны алып жаткан жеринен кармалган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Кылмышка шектүү буга чейин Орусиянын аймагында талап-тоноочулук менен соттолгон жана криминалдык чөйрөдө "Положенец" каймана аты менен жүргөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
21.10.2020. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айбан мындайлардын орду түрмө, эң аз дегенде 20жыл бериш керек или атып деле салса болот. Чыгып алып кайра эле таз кейпин киет болбосо.
22.10.2020. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Положенец имиш. Ош обл караштуу Ноокат району жана айылдарын да кылдат текшерип койсо жакшы болмок салык кызматы РОВД аймактык оорукана айыл окмот айрыкча Кок Жар айыл окмоту жана мам каттоо кызматы ооруканага жатам десен акча чыгам десен выпискасы акча жолок пул алам десен 99 эшиктен кирип чыгыш керек ар бир эшике 200дон бериш керек. Ишке кирем десен 5000 шапка ооруканага электр тармагына 1000$ Ноокатты Алтынбек кал м.н Торо крыса экиге болуп алган оорукана бириники салык кызматы бириники
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: