super.kg logo

Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды

 

Ысык-Көлдө 9 айда 250 жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Ысык-Көл облусунун 9 айында 250 жол кырсыгы катталып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 24 учурга аз катталган. Жол кырсыгынын кесепетинен каза болгон адамдардын саны 34,8 пайызга, жаракат алгандар 22,8 пайызга кыскарган. Жол эрежелеринин талаптарын бузуунун 21 миң 305 учуру аныкталса, анын ичинен 543 айдоочу мас абалында кармалган.

"Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматкерлеринин айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик көпчүлүгүн айдоочулар тарабынан, ал эми жөө адамдар болгону 25 жол кырсыгына себепкер болгон. Ошондой эле унаа жолдордун начар абалдары жана сапаттары стандарттарга дал келбестиги да бирден бир жол кырсыктарына себеп болууда. Мына ушундай жагдайдан улам отчёттук мезгилде 43 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 16 адам каза болсо, 73 ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: