super.kg logo

Маданият министри Нуржигит Кадырбеков Туризм департаментинин кызматкерлери менен жолугушту

 

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков министрликке караштуу Туризм департаментинин кызматкерлери менен жолугушуп, өлкөнүн туризм тармагындагы абал, көйгөйлүү маселелер жана алдыга коюлган максаттар алкагында баарлашты.

Министр Кадырбеков туризм тармагы өлкөбүз үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, туризмди эффективдүү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин экономикасын ургаалдуу өнүктүрүүгө болорун айтты. Быйылкы жылда түзүлгөн кырдаалдан улам бир топ тоскоолдуктарга дуушар болгон туризм жаатын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү максатында оптималдуу сунуштарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары Кенжематова учурдагы туризм жаатынын абалы, аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган милдеттер боюнча маалымат берди. Туризм чөйрөсү экономикалык багыт болгондуктан, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал терс таасирин тийгизгендигин белгилеп, туризм тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендигине токтолду. Мындан сырткары өлкөнүн туризм жаатын өнүктүрүүгө эл аралык өнөктөштөрдүн кошуп жаткан салымы жогору экендигин белгиледи. Туризм чөйрөсүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иш-аракеттери мамлекет тарабынан кабыл алынган тийиштүү программалар жана мерчемдердин алкагында уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: