super.kg logo

Кыргыз өлкөсүнөн Сирияга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга жөнөгөн жаран кармалды

 

Кыргыз Республикасынан Сирия аймагында бара жаткан жолдо Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

УКМКнын кызматкерлери тарабынан улантылып жаткан котртеррористтик иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Сирия аймагындагы куралдуу чыр-чатактар зонасына жалданмачыларды жөнөтүү каналы аныкталып, анын ишине бөгөт коюлган.

Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын тергөө амалдарынын негизинде сотко чейинки өндүрүштүн алкагында М.М. аттуу жаран кармалды. Кармалган жаран мурда жихадисттик идеологияга тартылып, транзиттик жол менен Кыргыз Республикасынан Сирияга эл аралык террордук уюмдардын катарына кошулууга жөнөтүлгөн. Өз учурунда көрсөтүлгөн иш-чаранын натыйжасында жалданган адам Сирияга бара жаткан жолдо кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген.

Азыркы учурда жалдоого жана которуу каналына катыштыгы бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: