Акыйкатчы: "Өлкөбүздүн укук коргоо органдары ишин мыйзам чегинде жана ыйгарым укуктарын так сактоосу керек"
21-октябрь күнү БШКда болуп өткөн окуяга байланыштуу акыйкатчы Токон Мамытов бардык мамлекеттик укук коргоо органдарын өздөрүнүн жумушун мыйзам чегинде жана ыйгарым укуктарынын чегин так сактоого чакырды.
"Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызматтык ыйгарым укуктарынын бир аз ашып кетиши же алар функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбашы терс көрүнүштөргө өзгөчө азыркы учурда өлкөбүздө эми гана тынчтык жана стабилдүүлүк орноп келе жатканда кесепетин тийгизиши мүмкүн", - деп билдирди акыйкатчы.
Белгилей кетсек, кечээ БШКнын өкүлү Гүлнара Журабаева ИИМдин кызматкерлеринин бири БШКга келип, тергөөчү Аданбековдун колу коюлган документти көрсөтүп, БШК мүчөлөрүн 5-6-октябрда өлкөдө орун алган баш аламандык боюнча суракка чакыруу үчүн келгендиги тууралуу билдирген. Ал эми БШКнын мүчөлөрү ИИМ кызматкерлеринин мыйзамсыз талаптарын аткаруудан баш тартканда аларды күч колдонуп милициялар менен коштоп барабыз деп коркутушкан.
Буга байланыштуу Токон Мамытов ИИМдин жетекчилигинин көңүлүн БШК конституциялык орган экенине
бурат, БШКнын ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын 106-беренесинде ачык жана так жазылып турат.
"Конституциянын 109-беренесине ылайык "мамлекеттик органдардын ишин уюштуруу жана анын тартиби" (шайлоо жана Референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы), ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери мыйзамдар менен аныкталат (жеке жетекчиликтин каалоосу же укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан эмес)", - деп баса белгиледи акыйкатчы.
