Ош ШИИБи: "Шаарда абал тынч. Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат"




Ош шаарында абал тынч. Милиция күчөтүлгөн тартиптеги кызматын улантууда. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери бөлүнгөн аймактарда түнкү саат бирге чейин кызмат өтөөнү улантышууда. Алар жергиликтүү тургундар жана коноктор менен кылмыштуулуктун алдын алуу иштерин жүргүзүшөт. Соода, тамактануучу жайларда коронавирус оорусунун алдын алуу боюнча профилактикалык иш-аракеттерди көрүшөт.
Ар бир кызматкер өз жетекчисине кызмат өтөгөн аймактагы кырдаалдан кабар берип, WhatsApp аркылуу кызмат өтөгөн аймактарынан фото-видео аркылуу маалымат берип турушат. Иштөөнүн мындай тартиби Ош шаарынын аймагында бардык кылмыштын түрлөрүнүн азайышына өбөлгө түзүп жатканы жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө Ош шаарынын аймагында абал тынч. Шаардагы бардык мекеме-ишканалар, соода түйүндөрү кадимкидей тартипте иштеп жатышат. Башкармалыктын COVID-19 илдетин алдын алуу боюнча иш-чараларды тынымсыз улантышууда.
