УКМКнын сот системиндеги коррупция боюнча тараткан маалыматына Жогорку Сот расмий жооп берди

Жогорку Сот УКМКнын сот органдарындагы жооптуу кызматтагы адамдардын коррупцияга аралашканы тууралуу тараткан маалыматына расмий жооп берди. Бул тууралуу бүгүн, 22-октябрда Жогорку Соттон билдиришти.
Анда Жогорку Сот өздөрүнүн түзүмүндө коррупциялык көрүнүштөр менен үзгүлтүксүз күрөш жүргүзүп келгенин жана мындан ары да күрөштү улантарын маалымдашкан.
"Бизде сот болобу же соттук органда иштеген кызматкер болобу коррупциялык элементтерге аралашкан болсо, алардын иш-аракеттерине каршы күрөш ар дайым жүрүп келген. Мындан улам Улуттук коопсуздук комитетинин Жогорку Соттун жетекчилигин мыйзамсыз иш-аракеттерге күнөөлөгөн билдирүүсү түшүнбөстүктү жаратууда. УКМКнын мындай тондогу билдирүүсү жазыксыздык жоромолунун конституциялык принциптерине каршы келет. Сот системинде иштеген кызматкерлер арасында коррупциялык иштерге баргандар болсо, Жогорку Сот тергөө чындыгында эле күнөөлүүлөрдү аныктайт деп ишендирет", - деп жазылат билдирүүдө.






1 |