super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеште Ысык-Көлдөгү 18-кылымга таандык чиркөөнү мамлекетке кайтарып алуу сунушталды

 
Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында Ирина Карамушкина Ысык-Көлдөгү 18-кылымга таандык чиркөөнү мамлекетке кайтарууну сунуштады. Депутаттын айтымында, Ак-Булуң айыл өкмөтүндө 18 кылымга таандык чиркөө учурда жеке менчикте. “Бул тарыхый-маданий мекеме. Учурда ал жерде жеке менчик балдар үйү жайгашкан. Мыйзам боюнча жеке меник балдар үйүн ачууга тыюу салынган. Буларды ким көзөмөлдөйт? Атайын комиссия эмне менен алек болууда. Ысык-Ата курортундагы бассейнди да басып алышыптыр”,- деди депутат. Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев буга чара көрүлө турганын белгиледи.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: