super.kg logo

Пневмониядан жабыркаган Өзбекстандын мурунку президентинин кызы Гүлнора Каримовага медициналык жардам көрсөтүүгө тыюу салынганы айтылды

 
Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнора Каримова эки тараптуу пневмониядан жабыркап, абалы начарлап кетти. Бул тууралуу анын кызы Иман Каримовага таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Анын айтымында, "жактоочулар телефон аркылуу "Гүлнора учурда өпкөнүн катуу сезгениши диагнозу менен медициналык жайда жатат. Бирок ага эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөйт. COVID-19га карата анализ тапшырууга тыюу салынып, дарыланууга дагы уруксат берилбейт" деп айтышты. Бул Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоевдин саясий оппоненти болгон мурунку президенттин кызынан кутулуу максатында жасаган ачык аракети", - деп жазган Гүлнора Каримованын кызы.

Эске салсак, ушул жылдын март айында сот кылмыш ишинин материалдарын изилдеп чыгып, Гүлнора
Каримованы кылмыштуу коомду уюштуруу, опузалоо, уурдоо жана ысырап кылуу жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана башка кылмыштар боюнча күнөөлүү деп таап 13 жыл 4 айга эркинен ажыраткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
22.10.2020. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Келме кезек.
23.10.2020. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мынчалыка баруунун кереги жок,катардагы жарандардай эле тейлеп карап койсонор адамгерчиликтуу болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: