ИИМдин Ички коопсуздук кызматынын башчысы дарыланып жаткан аскер кызматкерлери менен жолукту






ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын башчысы Исламбек Кенжекулов дарыланып жаткан аскер кызматкерлери менен жолукту. Мындай маалыматты ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, бүгүн, 22-октябрда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматынын башчысы, полковник Исламбек Кенжекулов өзүнүн орун басарлары менен биргеликте 5-6-октябрь күндөрү Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандык учурунда жаракат алып дарыланып жаткан аскер кызматкерлери менен жолугушту.
"Исламбек Кенжекулов аскер кызматкерлери менен баарлашып, тез арада сакайып кетүүлөрүн каалады. Андан сырткары ИИМдин Ички коопсуздук аскер кызматкерлеринин толук кандуу сакайып кетүүсүнө жана катарга эртерээк кайтып келүүлөрүнө тилектеш экендигин билдирип, ал үчүн болгон күчүн жумшарын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.