super.kg logo

"Өлкөдөгү саясий процесстер укуктук талаага кайтып келди". Тышкы иштер министри Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башчысы менен жолугушту

 

Бүгүн, 22-октябрда Москва шаарында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Зас менен жолугушту. Анда министр өлкөдөгү саясий кырдаал турукташып калганын билдирди. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинен кабарлашты.

Эки тараптуу маектешүү региондогу жана жалпы дүйнөдөгү кырдаалга терс таасирин тийгизген маселелерди, ошондой эле ЖККУнун алкагында өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары боюнча талкуу болду.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасындагы ички саясий кырдаалдын турукташуусу жөнүндө кыскача маалымат берип, болуп жаткан саясий процесстер укуктук талаага кайтып келгендигин белгиледи.

Руслан Казакбаев менен Станислав Зас ЖККУ форматындагы тышкы саясатты координациялоо жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясын даярдоо маселелерин талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: