super.kg logo
  Спорт  

Валентина Шевченко MMA'нын эң мыкты 10 мушкеринин сап башына чыкты

 
UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко КМШ өлкөлөрүнүн мыкты ММА мушкерлеринин эң мыкты 10 мушкеринин сап башына чыккан. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, "ТурСтат" порталы Орусиянын жана КМШ өлкөрүнүн ММА мушкерлеринин салмак категориясына карабастан, онлайн түрүндө аралаш мушташ өнөрү боюнча сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча рейтинг жүргүздү.
Рейтингдин жыйынтыгы ММА боюнча ТОП-10 мыкты мушкерлеринин сап башына Валентина Шевченко (Кыргыз өлкөсү) чыккан.
2-орунга Лиана Жожуа (Грузия) жайгашкан.
3-орунга Анастасия Янькова (Орусия) чыккан.
Андан кийин Мария Агапова (Казакстан), Яна Куницкая (Орусия), Александра Албу (Молдова), Антонина Шевченко (Кыргыз өлкөсү), Лилия Казак (Беларусь), Лилия Шакирова (Өзбекстан) жана Ирина Алексеева (Орусия) жайгашкан.
Валентина Шевченко үчүн Орусия Федерациясындагы жана КМШдагы мыкты ММА мушкери аял катары 25 пайыз добуш берилген, Лиана Жожуа үчүн - 18 пайыз, Анастасия Янковага - 13 пайыз, Мария Агаповага - 9 пайыз, Яна Куницкаяга - 8 пайыз, Александра Альба үчүн - 7 пайыз, Антонина Шевченко үчүн - 6 пайыз, Лилия Казакка - 6 пайыз, Лилия Шакирова үчүн - 4 пайыз жана Ирина Алексеевага - 3 пайыз добуш берилген.
Рейтинг 2020-жылдын октябрь айында «ТурСтат» сайтындагы аралаш мушташ өнөрүнүн 10 миңден ашык күйөрмандарынын арасында жүргүзүлгөн онлайн-сурамжылоонун жыйынтыгында берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(4)
23.10.2020. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсың Валя!
23.10.2020. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсың!!!
23.10.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодец красавица
23.10.2020. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кыргызстандын желегин которгонун коруп ыйлагым келди, жакшы жагыбыз менен таанылалычы кыргыз элим.Орус кыз болсо дагы жашап кеткен олкосун унутпай таанытып журот.Буга окшоп кыргызстанда торолуп белгилуу болгондор даже олкону тааныбайм деп журушот.Тынчылык болуп митинг деген нерсени токтоткула жакшы эле маскара болдук дуйно жузуно.Бийлик алмашканы туура эле болду бирок ак уйду ортоп тоногондун кереги жок эле.
bema_bema түзөттү 2020-10-23 14:21:43
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: