super.kg logo

"Мен мэр болом деп бир нече адам келди" дейт Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси

 

Мыйзам боюнча Бишкек шаардык мэрдин милдетин аткаруучу дагы деле Нариман Түлеев. Бул тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова SUPER.KG порталына билдирди.

"Азыркы күндө мэрия өзүнүн жумушун аткарып жатат. Тилекке каршы, бир нече кишилер бирден келип, мен мэр болом деген учурлар дагы болуп жатат. Биздин экс-мэр Азиз Суракматовдун отставкасын премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кабыл алды. Ал эми Суракматов чыгарып кеткен буйрук боюнча, тагыраагы мыйзам боюнча азыркы учурда мэрдин милдетин аткаруучу дагы деле Нариман Түлеев. Анткени Нариман Түлеев арыз жазган менен премьер-министр ал арызды кабыл ала элек.

Мэрдин кызматкерлери ар ким өздөрүнүн жумуштарын аткарууда, бирок моралдык климат анча эмес. Биз аябай тынчсызданып турабыз, анткени биздин ишенгенибиз премьер-министр Садыр Жапаров арызды алабы же албайбы ошол дагы маселе болуп турат. Биздин шаардын тургундарына туруктуулук керек, жакшы жашоо керек. Биздин ишенгенибиз мыйзамдуулукта", - деп билдирди Гуля Алмамбетова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
23.10.2020. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен эле калыпмында барбаган
23.10.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Өлүп кетишет го...
24.10.2020. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Местаны кармап тургула. Москвадан Кыргызстанга барганымда барам, мен болушум керекта озу депчи. Анан конкретно соодалашабыз жылуу местечкону
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: