super.kg logo

Шайлоого байланыштуу БШКга кайрадан доо коюлду

 

22-октябрда Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы БШКнын 2020-жылдын 21-октябрындагы №258 токтомун жараксыз деп табуу жөнүндө Бишкек шаарынын Административдик Сотуна административдик доо арыз менен кайрылды.

Бул тууралуу маалымат аталган уюмдун социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, БШКнын аталган токтому мыйзамсыз жана төмөнкү негиздер боюнча жараксыз деп табылышы мүмкүн:

  • Мыйзамга ылайык, БШК шайлоонун жыйынтыгын аныктабастан кайталап шайлоону дайындоого укугу жок. Кайра шайлоону дайындаардан мурун БШК шайлоо округу боюнча жалпы шайлоонун жыйынтыктарын аныктоого милдеттүү болчу.

  • Мыйзамдын негизинде мыйзамдуу кайра шайлоону дайындоо үчүн БШК сөзсүз түрдө комиссиянын жыйынтыгын өткөрүшү керек болчу. Анда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө мыйзам бузуулар жөнүндө бардык арыздарды жана даттанууларды карап, ар бир арыз боюнча талапка ылайык чечим кабыл алуу талапка ылайык болчу.

"БШК андай аракеттерди көргөн жок, бул дагы бир жолу шайлоону дайындоонун негизсиздиги жана мыйзамсыздыгын тастыктады.

Башкача айтканда, мыйзамдарда шайлоо процесси аяктагандан кийин жана шайлоо өткөн жок деп табылган же шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган учурларда гана кайрадан шайлоону дайындоо мүмкүнчүлүгү каралган", - деп айтылат маалыматта.

Административдик доо арыздын толук тексти төмөндөгү сүрөттөрдө.

Белгилей кетсек, БШК жаңы чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайрадан шайлоону 2020-жылдын 20-декабрына дайындаган.

Бирок парламент депутаттары Конституциялык реформага байланыштуу шайлоону кийинки жылга жылдырууну сунуштап, ал колдоо тапты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: