super.kg logo

БШК: "Шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына байланыштуу маселени жамаат менен бирге талкуулап, чечим кабыл алабыз"

 

Бүгүн, 23-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү кайра шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына байланыштуу маселени талкуулоо үчүн жыйын өткөрүшү керек. Бул тууралуу SUPER.KG порталына БШКнын жумушчу тобунун мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

"БШК кайра шайлоонун мөөнөтүн 20-декабрга белгилеген. Буга байланыштуу партиялар шайлоого катышуу боюнча билдирмелерин тапшыра баштаган. Эми процедура кандай болот түшүнүксүз. Шайлоонун мөөнөтү жылдырылганына байланыштуу маселени жамаат менен бирге талкуулап, чечим кабыл алабыз", - дейт Журабаева.

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров парламенттик шайлоону жылдыруу боюнча мыйзамга кол койгону маалымдалган. Аталган мыйзам кечээ, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен "Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган, аларда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп каралган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: