super.kg logo
  Саясат  

"450 миллион сомду тышкы карызды төлөөгө багыттайлы". Депутат ар бир эл өкүлү Ак Үйдөгү иш бөлмөсүн өз каражатына оңдоосун сунуштоодо

 

Жогорку Кеңештин 22-октябрында өткөн кезексиз жыйынында Ак Үйдү кайра калыбына келтирүүгө 450 миллион сом сарпталышы мүмкүн экени айтылган. Бул маалымат жарандардын нааразы пикирин жаратып, айрымдары ким талкаласа, ошол төлөсүн деген кайчы пикирлерин жазып чыгышты.

Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев бүгүн, 23-октябрда жеке баракчасына билдирүү жарыялап, челленж баштаганын жазды.

"Белгилүү себептер менен азыркы учурда Ак Үй оңдоп-түзөө иштерине муктаж. Өкмөт оңдоп-түзөө иштерине 450 миллион сом бөлүүгө даяр. Бирок 90 пайыз депутаттар иш бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзгөнгө кудурети жетиштүү.

Ар бир депутатка өзүнүн иш бөлмөсүн оңдоп-түзөө иштерин өз эсебинен жүргүзүүнү сунуштайм. Келгиле, компьютерлерди жана ишке керектүү буюмдарды өз эсебибизден алалы. Ошондо мамлекет тарабынан бөлүнүп жаткан 450 миллион сомду азыркы учурдун биринчи кезекте турган курч маселеси - тышкы карызды төлөөгө багыттай алабыз", - деп жазды Маматалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 38 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: