super.kg logo

Марттан бери Кытай Кыргыз өлкөсүнө 6 миллион доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөткөн

 

Марттан бери Кытай Кыргыз өлкөсүнө 6 миллион доллардан ашык гуманитардык жардам көрсөткөн. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүндө коронавирус инфекциясы жайылып баштагандан бери COVID-19 каршы күрөшүү жана анын кеңири жайылышына жол бербөө максатында кыргыз тарапка Кытай өкмөтү жана башка кытай компаниялары тарабынан гуманитардык жардам тапшырылган. Мамлекет тарабынан март айынан бери Кытай өкмөтү жалпы суммасы 6 миллион 764 миң 605 АКШ долларын түзгөн гуманитардык жардам көрсөткөн", - деп жазылат маалыматта.

  • Медициналык коргонуу каражаттары (беткаптар, кол каптар, коргоочу көз айнектери, термометрлер, N95 респираторлору);
  • өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар;
  • ПЦР жана экспресс-тесттер;
  • Эпидемиологияга каршы каражаттары.

Алынган гуманитардык жардам Саламаттыкты сактоо министрлигине, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабына, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясына, ошондой эле башка мамлекеттик мекемелерге жана республиканын региондоруна берилди.

Апрель айынан июль айына чейин кытайлык жеке компаниялардан гуманитардык жардам келип түшкөн, алсак: «ZIJIN» жана анын Кыргыз Республикасындагы туундуу компаниясы «Алтынкен», ЖЧК «Му Линь Сэнь», «Хуавэй», «Cosco» компаниялары, Пекиндин социалдык өнүгүү жана айлана-чөйрөнү коргоо ассоциациясы жана башкалар. Гуманитардык жардам катары жалпы суммасы 645 миң 41 АКШ долларын түзгөн медициналык коргонуу каражаттары жана экспресс-тесттер тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.10.2020. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мына сага кайда жумшалды ушул акчалар,жегичтер жеп койду да тойбостор
23.10.2020. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ия,,,,эмне дейт басылмалар
23.10.2020. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2 000 000 000 раимдин кусундусу
450 000 000 ак үйгө майда-чүйдө расходдор.
2 000 000 000 - 450 000 000 =
1 550 000 000 калганы шайлоого
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: