super.kg logo

"Төө-Ашуу" ашуусунда жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизилди

 

Бүгүн, 23-октябрда Суусамыр өрөөнүндө кар жаады. Буга байланыштуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкармалыгы жүк ташуучу унаалардын каттамына чектөө киргизди.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу жол кырсыгынын алдын алуу максатында Бишкек-Ош унаа жолундагы айрым транспорттук каттамдарга чектөө киргиздик. Айдоочуларды жолго чыгаардан мурда унаанын дөңгөлөктөрүн кышкы шинага алмаштырып алуусун суранабыз. Ошондой эле аралыкты сактап, жанына аптечка, чынжырча, күрөкчөнү алууну эскертебиз", - дешти мекемеден.

Ал эми интернетке колдонуучу тарабынан "Төө-Ашуу" ашуусундагы бүгүнкү көрүнүш жаряланган. Анда автор жолдон өтүү кыйын болуп жатканын, мүмкүн болсо алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: