Ош. Облуста өткөн суткада 3 өрт кырсыгы катталды
Ош облусунун аймагында өткөн суткада 3 өрт кырсыгы катталды. Кырсыктардын баары жарандардын отко этиятсыздык менен мамиле кылуусунан келип чыкканы белгилүү болду. Айта кетсек: Өзгөн районунун Ийри-Суу айылынын жашоочусу А.Сапаровдун 10 тонна чөбү, аталган райондун Жыл-Алды айылынын жашоочусу Ж.Жунусбаевдин 400 таңгак чөбү, Ноокат районунун Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнүн жашоочусу К.Арпединованын 60 чарчы метрлик сарайынын чатыры жана 250 таңгак чөбү күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.