super.kg logo

Коронавирустун экинчи толкунуна даярдык. Бишкекте жаңы курулуп жаткан инфекциялык оорукана ишке берилди

 

Коронавирус инфекциясынын экинчи толкунуна даярдануу максатында жугуштуу оорулар ооруканасынын аймагында 100 орунга ылайыкташкан кошумча корпус ишке берилди. Жалпы аянты 2 миң 310 чарчы метрди түзгөн объекттин курулушу 23-июлда башталган. Маалыматты республикалык штабдан кабарлашты.

"Жаңы клиника жугуштуу оорулар ооруканасына коюлган бардык талаптар боюнча салынды. Анда мельцердик бокстор жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптарды дарылоого түзүлгөн, ар биринде өз алдынча желдетүү соргучу менен абаны зыянсыздандыруу эске алынган".


* Ооруканага 180ге жакын медициналык шайман, эмерек, тиричилик жана компьютердик техника сатып алынды. Бир көчмө рентген аппараты, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 10 аппарат, 20 ВИПАП аппараты, 62 кычкылтек концентратору, 3 дефибриллятор, инфузиялык терапия үчүн 38ден ашык шайман, 26дан ашуун жеке монитор жана 1 көчмө УЗИ аппараты орнотулду.

* Кайра жандандыруу бөлүмү залдан, изоляцияланган интенсивдүү терапия боксторунан жана бөлмөлөрдөн турат. Алар ыкчам реанимациялык иш-чараларды күнү-түнү жүргүзүүнү камсыздайт. Кайра жандандыруу бөлүмүндө 30 орун бар.

* Дарылоочу жана реанимациялык бокстор заманбап жабдыктар жана жашоону камсыздоочу шаймандар менен жабдылган, анын ичинде бейтаптардын абалын туруктуу көзөмөлдөө жабдыктары бар. Бардык бөлмөлөргө борборлоштурулган кычкылтек берүү уюштурулду. Корпуста изоляцияланган бокстор, жарым бокстор жана реанимация бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: