super.kg logo
  Спорт  

Кыргызстандык спортчулар ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда 11 медаль жеңди

 

Кыргызстандык спортчулар Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн ок атуу боюнча КМШ өлкөлөрүнүн чемпиондугунда 10 медаль жеңишти. Алардын төртү алтын, бири күмүш жана алтысы коло медаль. Аталган мелдешке Кыргызстандан 9 спортчу катышкан. 2 алтынды Руслан Исмаилов менен Елена Исмаилова жеке атууда жеңсе, дагы 2 алтынды кыргызстандык спортчулар командалык эсепте жеңген. Ал эми жалпы командалык эсепте 10 медаль менен кыргызстандык команда 3-орунду ээледи. Мелдешке Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан командалары катышкан. Бүгүн, 25-сентябрь күнү дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат борборунда Кыргызстан курама командасынын ок атуу боюнча машыктыруучусу Тахир Исмаиловдун катышуусунда маалымат жыйын болду. Анда Тахир Исмаилов спортчулар каржы жактан аксап жатканын айтты. Ошондой эле 17-октябрь күнү Тегеранда баштала турган 4  жылда бир өтүүчү континенталдык мелдешке спортчулардын документтери жана каржы маселеси дагы эле чечиле элек турганын билдирди.     






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.09.2013. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kompensatsiya bergenfen koro, karjylagyla uwundai sport suiuuchulorun. Azamatsynsr!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: