super.kg logo

"Жалал-Абадда бейтаптардын жакындары кычкылтекти өздөрү алып келип, терезе аркылуу берип жатат". Облустук оорукананын жетекчиси эмне дейт?

 

Социалдык тармактын колдонуучулары Жалал-Абадда эпидемиологиялык кырдаал курч экенин айтып чыгышты. Тагыраагы, интернет колдонуучулар тарабынан "бейтаптардын туугандары өздөрү кычкылтек баллондорун таап, колго жасап, толтуруп, кычкылтекти терезе аркылуу палатага тартып жатат" деген билдирүү тараган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан Жалал-Абад облустук ооруканасында жаткан бейтаптарга толук кандуу медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдиришти. Аталган бейтапкананын жетекчиси Кумарбек Ботокараев жогорудагы билдирүү боюнча төмөндөгүлөргө токтолду.

"Социалдык тармактарда ооруканада бейтаптар үчүн кычкылтек концентратору жетишсиз деген маалымат тараган. Бул маалымат толугу менен ишенимдүү эмес. 23-октябрга карата облустук ооруканада коронавирус инфекциясы менен ооруган 113 бейтап дарыланып жатат. Биз жай мезгилинде эле суюк кычкылтек менен камсыз болгонбуз. Баллондорду Майлуу-Суу шаарындагы май куюучу жайдан толтурабыз. Ал эми маалымат тараган күнү баллондорго кычкылтек толтурууда маселе жаралган.

Бейтаптарды суюк кычкылтек менен камсыз кылуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүндө болуп, маселе чечилди. Дүрбөлөңдүн кереги жок, мындай учурларга ооруканада 90 кычкылтек концентратору бар, ал эми "Бакыт" реабилитациялык борборунда 41 кычкылтек концентратору бар. Ал аппараттар муктаждык болгондо колдонулат", - деп белгиледи Ботокараев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.10.2020. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ооруканалардагы кычкылтек концентратору чоңдордун туугандарына сакталып жаткан жок бекен
23.10.2020. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз олкосуно жакында 774 миллинон доллар жардам келди дейт ковидге. Баягы эле карапайым эл чуркап атышатго дагы эле. Муну кандай тушунсо болот? Келген акчага кылкылтек сатып алган жокпу мамлекет?
24.10.2020. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ковидди ойлогон эч ким жок,Жапаров да занят кадр алмаштыруу менен.Баягы эле эл озу менен озу,бийлик озу менен озу.Тем более депутаттар биздин моонот бутту шылтоолоп деп качат эми.Эл кантет эми?
JaneEr түзөттү 2020-10-24 00:01:01
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: