COVID-19 пандемиясынын кесепетинен өлкөдөгү бюджеттин кирешеси төмөндөдү
21-октябрга карата республикалык бюджетке 6 миллиард 881 миллион сом түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул 2019-жылдын деңгээлинен 2 миллиард 710 миллион сомго аз. Учурдагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 пандемиясынын кесепетинен өлкөдөгү бюджеттин кирешеси төмөндөгөн. Ушул себептен өкмөттүн социалдык кепилдиктерин аткаруу боюнча чыгашалардын корголгон беренелери боюнча милдеттенмелерди аткаруу биринчи кезекте республикалык бюджеттен каржыланат.
21-октябрда төмөнкүлөр төлөндү:
- мамлекеттик сектордун эмгек акысы үчүн – 1 миллиард 460 миллион сом;
- пенсияга – 1 миллиард 834 миллион сом;
- социалдык төлөмдөр – 769 миллион сом;
- саламаттыкты сактоо үчүн – 883,5 миллион сом
Жалпысынан октябрь айынын башынан бери 6 миллиард 144 миллион сом сарпталды. Бул чыгымдардын бардыгы өз максатына ээ жана “2020-жылга республикалык бюджет жөнүндө” мыйзам менен бекитилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:25
2025-07-29
14:10
2025-07-29
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.