super.kg logo
  Саясат  

Депутат Никитенко Башкы прокуратурадан ИИМдин БШКга карата аракеттерин текшерүүнү өтүнөт

 

Депутат Наталья Никитенко Башкы прокуратурадан ИИМдин БШКга карата аракеттерин текшерүүнү өтүнөт. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ал башкы прокурордон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин БШКнын мүчөлөрүнө карата аракеттеринин мыйзамдуулугун текшерип, укуктук баа берүүнү өтүнөт. Тийиштүү телефонограмманы ал башкы прокурор Курманкул Зулушевге жөнөткөнүн жазды. Анда мыйзамга ылайык, шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө каршы иш башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн экендиги белгиленген.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын ишин идеалдуу деп айта албай турганын билдирди. "Көптөгөн каталар кетирилген, бүгүнкү күндө Конституцияга, элдин макулдугуна жана ишенимине, бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун колдоосуна таянып, аларды мыйзамдуу жол менен оңдоо зарыл", - деп жазды Никитенко.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: