Вице-премьер "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты






Вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Казак тилкесиндеги "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайына барып, аны реконструкциялоо ишинин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, "Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоо боюнча белгиленген иштин 55 пайызы аткарылды.
Вице-премьер-министр "Ак-Жол" өткөрүү жайында курулуп жактан имаратты жана реконструкцияланып жаткан инфраструктурасын көрүп чыгып, бир катар тапшырмаларды берди.
"Көзөмөл-өткөрмө жайын оңдоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо керек. Тийиштүү каражаттар бөлүндү. Ошол эле учурда модернизациялоо жумуштары сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш. Муну менен катар өткөрүү пунктун жабдуу боюнча маселени азыртадан чечүү шарт. Кыргыз Республикасына келип жактан туристтердин өлкө тууралуу таасирлери ушул чек арадагы өткөрмө жайларынан калыптанат. Ошондуктан реконструкциялоодо тышкы көрүнүшүнө дагы өзгөчө көңүл буруу керек", - деди Равшанбек Сабиров.
"Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын реконструкциялоодо административдик блок гана кеңейтилбестен спорттук шаарча, чакан кинологиялык борбор, катарга туруу аянты, унаа токтотуучу жай дагы каралган.
"Ак-Жол - автожол" көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иши 2020-жылдын март айында башталган. Жаңылоо иштерин 2020-жылдын декабрь айында аяктоо пландалды. Модернизациялоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Буга чейин «Ак-Жол - автожол» көзөмөл-өткөрмө жайынын өткөрүү жөндөмдүүлүгү 10-11 миң адамга жана 800-1000 унаа каражаттарына чейин болчу. Модернизациялоо аяктаганда өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсе көбөйөт.
