super.kg logo
  Спорт  

Жастин Гэйтжи уктады. Хабиб Нурмагомедов көзүнө жаш алып, карьерасын жыйынтыктады (видео)

 

Бүгүн, 24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында UFC 254 турнири өтүүдө. Учурда бул турнирге катышкан бир нече мушкерлердин беттеши болуп өттү. Турнирдин негизги беттеши болгон орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов атаандашы америкалык мушкер Жастин Гэйтжини экинчи бөлүктө муунтуу ыкмасы менен жеңип алды.


Башынан / Аягынан Маанилүү

2020-10-24 03:01

Жеңилүү ызасын тарткан Жастин Гэйтжи 10-15 күндөй эс алууда болуп, кайра мындан да күчтүү болуп келерин айтты.

2020-10-24 02:58

Хабиб Нурмагомедов:"Биринчиден командама ыраазычылыгымды билдирем. Жеңишке жетишиме алардын салымы чоң. Мага апам атам жок мушташпай эле коюмду айтып жатат. Ошондуктан карьерамды жыйынтыктоону чечтим. Менин жалгыз гана апам калды. Мен ага көбүрөөк убакыт бөлүшүм керек."

2020-10-24 02:55

Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктап жатканын айтты.

2020-10-24 02:54

Хабиб Нурмагомедов көзүнө жаш алды.

2020-10-24 02:52

Баракелде! Хабиб Нурмагомедов өзүнүн тарыхында 29-жолу жеңүүчү аталды.

2020-10-24 02:51

Беттештин экинчи бөлүгүндө Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуп, Гэйтжи эс учун жоготту.

2020-10-24 02:43

Беттеш башталып эки мушкер тең бири-бирине байкоо жүргүзүүдө.

2020-10-24 02:42

Беттештин калысы эки мушкерге түшүндүрүү жүргүздү.

2020-10-24 02:39

Турнирдин алып баруучусу мушкерлерди тааныштырууда.

2020-10-24 02:37

Эки мушкер тең сегиз бурчтукка чыгышты.

2020-10-24 02:30

Учурда эки мушкердин бул беттешке даярдыгы жана буга чейинки беттештеринин видеосу көрсөтүлүүдө.

2020-10-24 02:28

Мушкер Дениель Корьме бул беттеш Хабиб Нурмагомедов үчүн маанилүү жана оңой эместигин айтты.

2020-10-24 02:26

Учурда Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэйтжинин беттеши башталуу алдында турат.


кошулду

Хабиб Нурмагомедов жеңишке жетти

 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
25.10.2020. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
куттуктайм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: