super.kg logo
  Саясат  

Турсунбай Бакир уулу: "Майыптардын пенсиясы өздөрүнүн колуна тийиши керек"

 
"Кыргызстанда айрым ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар пенсиясына өздөрү ээ боло албай калышууда. Муну көзөмөлгө алыш керек",- деди парламенттин 25-сентябрдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу. Ал билдиргендей, мындай жарандардын укугу тепселенген фактылар көп катталып жатат. "Мага ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар телефон чалышууда. Пенсиясын үйүндөгү башка бирөөлөр алып, өздөрү иштетип салат экен. Ал тургай бул баары бир өлөт да деп тамак бербей, жуунтпай койгон учурлар болот экен",- деди депутат. Соцфонддун төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев: "Пенсияны ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын уруксаты менен алып жатса, аны кандай пайдалана турганын биз көзөмөлдөй албайбыз",- деди.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: