super.kg logo

Араванда милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды

 

Араванда милиция кызматкерине кол көтөргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Араван районунда милиция формасын кийип турган кызматкерди белгисиз жаран колу менен бет маңдайына уруп жибергендиги боюнча видеотасма социалдык тармакка тарап кеткен.

"Аталган маалымат Араван РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, алгачкы текшерүү жүргүзүү учурунда милиция формасын кийип турган кызматкер ИИМдин Күзөт кызматынын Араван районунун Күзөт бөлүмчөсүнүн милиционери милициянын кенже сержанты 24 жаштагы А.К. экендиги такталган.

Окуя 23-октябрь күнү саат 17:20 чамасында К.А. кызматтан кийин табелдик ок атуучу куралын тапшырып, Араван районунун С.Юсупова айыл аймагынын Айдаров көчөсүндөгү үйүн көздөй бараткан учурда ошол жерде турган 37 жаштагы Э.Д. оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, эч себепсиз колу менен бетине жана моюнуна уруп жиберген. А.К.нын денесинен кандай деңгээлде жаракат алгандыгын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Шектүү Э.Д. эч жерде иштебейт, өз сөзүндө мурда эки жолу ээнбаштык беренелери менен соттолгон. Кылмышка шектүү 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
25.10.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Больницага жатып ал эми.
25.10.2020. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Милиция кызматкерин жонокой жаран урса, сразу кармалат экенда ээ? А карапайм калкты тепкилеп урган милиция кызматкери тайрандап журсо боло берет экенго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: