super.kg logo

Садыр Жапаров жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Кыргыз өлкөсүнүн географиялык абалы унаанын жер үстүндөгү түрүнө басым жасайт. Ошондуктан экономикабыздын өнүгүүсү, турмушка керектүү товарлардын, азыктардын, бардык нерселердин жүгүрүүсү, анын негизинде элибиздин жашоо-турмушунун оңолушу, аймактардын ыкчам өнүгүүсү жана өлкөдө эл аралык жана ички туризмдин кеңири жайылышы дал мына ушул жолдор менен байланышкан жана жолдордун алкагында баа берилип каралат.

Демек, автожолдор – Кыргыз мамлекетинин негизги артериясы, өлкө экономикасын өнүктүрүүнүн өзөгү. Жолдор бардык аймактарды байланыштырып, катташтырат. Эл аралык транспорттук коридорлор өлкөбүздү башка мамлекеттер менен байланыштырып, ошондой эле өлкө коопсуздугун камсыз кылат.

Ошондуктан мамлекет жолдордун курулушуна, аларды тейлөөгө, автотранспорт тармагынын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп келген жана биз да улантабыз.

Тарыхта шаар, айыл-кыштактардан тартып жайлоолорго чейинки салынган Кыргыз өлкөсүнүн бүт жолдору, айрыкча Төө-Ашуу өтмөгү элдин жогорку энтузиазми менен салынган. Бүгүн да ошол жолдор элибизге кызмат кылып жатат.

Дагы бир жолу сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай каалайм. Мамлекетибизде тынчтык жана бакубатчылык, өнүгүүлөр жана жаңылануулар болсун", - деп жазылат куттуктоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: