"Ата, баары үчүн рахмат". Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини жеңгенден кийин атасына таасирдүү билдирүү арнады
UFC уюмунун жеңилбес чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини жеңгенден кийин маркум атасы Абдулманап Нурмагомедовго арнап, социалдык тармактагы баракчасына пост жазды.
"Алла таалам сенин жаныңда болгон үчүн сени эч нерсе буза албайт. Ата, бул жашоодо мага үйрөткөнүңдүн бардыгы үчүн рахмат! Аллах сага бейиштин эң жогорку даражасын берсин", - деп жазган Нурмагомедов.
24-октябрда Абу-Даби шаарына жакын Яс аралында өткөн UFC 254 турниринде Хабиб Нурмагомедов Жастин Гэйтжини муунтуу ыкмасы менен утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктап жатканын жар салган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.