Орусиялык блогер 13 миллион рублдук унаасын өрттөп жиберди
Орусиялык блогер Михаил Литвин 13 миллион рублдук унаасын өрттөп жиберди. Бул тууралуу бир катар орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, орусиялык блогер Михаил Литвин 13 миллион рублдук Mercedes GT63s үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жиберди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Кадрда көрүнгөндөй, ал талаага барып, багаждан бензиндерди алып чыгып, унаага чачат. Андан соң ал коопсуз жерге барып, күйгүзүп жибергенин көрүүгө болот.
"Менимче, өрт - идея. Болгону ушул", - деп жазылган видеонун алдына.
Ал унааны 2019-жылы алган. Бир канча убакыт өткөн соң унаа бузула баштаган. Мындан улам блогер менен унааны саткан адамдын ортосунда пикир келишпестик чыкканы айтылат маалыматта.
Орусиялык блогер 13 миллион рублдук унаасын өрттөп жиберди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Но деген жери бар, Литвиндин каналына коптон бери катталган адам катары айткым келди,
Михаил Литвин бул жерде эн туура кылды, ортогонго чейинки видеону корсонор билип алмаксынар,
Литвин блогер болуп туруп ошончо алдашты, сага мага окшогон адамдарды кандай кылат ал белгисиз, Литвин ошол созду да айтты, бул копкондук же просмотр чогултуп акча табыш эмес, болгону ар бир нерседе жоопкерчилик адам ч