Шаар тургуну үйүнө таштанды толтуруп алган. Мэрия тазалоо иштерин жасап, Нариман Түлеевге муктаж экенин айтты
Бишкекте улгайган аял батирдин ичин таштандыга толтуруп алган. Керексиз делинген буюм-тайымдар "Тазалык" муниципалдык кызматы тарабынан тазаланды. Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы үйдүн ичиндеги көрүнүштү, андагы тазалоо иштери тууралуу видеону жарыялап, билдирүү калтырган.
"Бул улгайган аялдын үйү. Кошуналарга бири-бирине колдоо көрсөтүп, кантип жашап жатканын билүү маанилүү. Албетте, "Тазалыктын" кызматкерлери жыйнап кетебиз. Бирок азыр бизге дагы кыйын болуп турат. Нариман Түлеев, сиз бизге керексиз", - деп айтылат билдирүүдө.
Социалдык тармактын колдонуучулары "таштандыга толуп калган үй менен Нариман Түлеевдин кандай байланышы бар?", "силер Түлеевсиз эле сонун иштечүсүңөр, эми деле сонун иштейсиңер" деген сындуу пикирлерин калтырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Jaka78

26.10.2020. 17:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо Түлеев барып тазалашабы,..кызыктай адамдар көп
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.