Ысык-Көл. Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдыгы белгиленет
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 25-октябрда жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 100 жылдык мааракеси республикалык деңгээлде өткөрүлөт. Иш-чара жазуучунун кичи мекени Түп районунун Кең-Суу айылындагы музейде башталып, андан соң Каракол шаарындагы ат майданда спорттук жана концерттик программалар менен коштолот. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Жыргалбай Абдразаков билдирди. Анын айтымында, Т.Сыдыкбековдун мааракесине карата ат оюндарынын 6дан ашык түрү боюнча мелдеш болот. Баш байгеге 2 автоунаа, 2-орунга 50 миң, 3-орунга 30 миң, 4-орунга 10 миң сом берилет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.