super.kg logo

Ысык-Көлдө үч айдоочу баӊгизатын ташып бара жаткан жеринен кармалды

 

Ысык-Көл облусунда үч айдоочу баӊгизатын ташып бара жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

22-октябрь күнү Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча ыкчам кызматкерлери Каракол-Ананьево-Балыкчы автокаттамында 26 жаштагы Чүй облусунун тургуну А.Р.нын башкаруусундагы БМВ үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Автоунааны кароо жүргүзү учурунда, кошумча дөӊгөлөктүн ичинен капка салынган жапайы кендирдин жыты бар, кургак өсүмдүк табылып алынган.

Соттук-экспертизалык изилдөө боюнча алынган өсүмдүк марихуана баӊгизатына кирери жана жалпы салмагы 10 килограммды түзөрү аныкталган.

Ошол эле күнү Каракол-Бөкөнбаев-Балыкчы автокаттамында, Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тушунан Чырпыкты айылынын 34 жаштагы тургуну Б.Н. Степвагон үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан жеринен милициянын көчмө постунда токтотулган. Айдоочунун унаасын текшерген учурда 5 килограмм өлчөмүндө марихуана затына окшогон кургак өсүмдүк алынган.

Аталган факты боюнча соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука айылынын 35 жаштагы тургуну У.Т. өзүнүн Степвагон үлгүсүндөгү унаасы менен милициянын көчмө постунан байкатбай өтүп кеткен. Аталган айдоочудан ширенкенин эки кутучасына салынган салмагы 45 граммды түзгөн гашиш баӊги заты табылып алынган. Бардык аныкталган фактылар аймактык ички иштер бөлүмдөрүндө катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: