super.kg logo

Нариман Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди

 

Нариман Түлеев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматына кайтып келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэрдин кеңешчиси Гуля Алманбетова билдирди.

"Бизде мыйзам менен бекитилген мэрдин милдетин аткаруучу адам бар, ал Нариман Түлеев", - деп билдиришти муниципалитеттен.

"Түлеевди "Борбордун статусу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27 жана 21-беренелеринин 5 жана1-бөлүктөрүнүн негизинде, мурдагы мэр Азиз Суракматов дайындап кеткен. Өз кезегинде Азиз Суракматовдун отставкасын президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров 21-октябрда кабыл алган. Жогоруда айтылган мыйзамга ылайык, шаар мэринин мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган учурунда, мэрдин милдеттери Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлөт. Бардык жасалып жаткан иштер мыйзам чегинде гана болушу керек.

Биз расмий түрдө шаардык кеңештин "КСДП", "Өнүгүү Прогресс", "Республика-Ата-Журт" фракциялары өздөрүн шайлап жаткан мэрлердин биринин дагы кандидаттыгын колдоого алган эместигин билдиргибиз келет. Де-юре жана де-факто түрүндө Нариман Түлеев биринчи вице-мэр катары калууда.

Урматтуу шардыктар, борбор калаада эпидемиологиялык абал оорлошуп бара жатат. Ал эми шаардык кеңештин азыркы курамы мэрди шайлай албайт. Ал үчүн шаардык кеңеш кайрадан шайланышы керек.

2020-жыл аяктап бара жатат, кийинки жылга бюджеттин планын түзүш керек. Азыр саясат жана жеке кызыкчылыкты унутуп иштеш керек. Борбор калаага туруктуулук керек. Бирок кызматты күч менен ээлеп алуу аракеттери дагы деле жүрүп жатат.

Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын апрель айына белгиленди", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
26.10.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул дагы болсо СУРАКМАТОВДУН Жапаровко каршы бир оюну
26.10.2020. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Arzybekkg,Суракматов эмнени чечмек эле, ойдо жактан баары
26.10.2020. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садыр Жапаров мамлекетти тоноп, жакырчылыка кептеген кадрларды дайындап жатканы элдин нааразычылыгын созсуз жаратат. Садыр бийликти оз менчигиндей коруп алды окшойт. Оз билемдигин токтотпосо, эл колдобой салат. Озуно жаман болот. Ансызда экономика кыйрап жатканда Садыр таза билимдуу кадрларды тандаш керек эле. Садырдын кадрлары жалан таныш билиш, кошоматчылык, жердешчилик, кландык жана шернелеш досторунан туптолуп калды.
asyl1998 түзөттү 2020-10-26 12:25:22
26.10.2020. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садырга ишендим эле аз убакыттын ичинде ишеним жоголуп баратат, бат эле ары же бери болот окшойбуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: