"Семетей" ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90 пайызга аяктады

“Семетей” ооруканасында оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштери 90 пайызга аяктады. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 23-октябрга карата “Семетей” ооруканасында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери 90 пайызга аяктады. Блоктордун биринде 50 орундуу жандандыруу бөлүмү даярдалган.
Дубалдарды демонтаждоо жана актоо, канализация тутумун орнотуу, блокторго электр зымдарын орнотуу, блокторго флакондорду орнотуу, жандандыруу блогунун кире беришине тамбур орнотуу жана блоктордун дубалдарын суу негизиндеги боёк менен актоо иштери жүргүзүлдү.
Оорукананын имаратын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн электр конвекторлорун сатып алуу боюнча чаралар көрүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.