super.kg logo
  Саясат  

Юрист: "Эл аралык арена Кыргыз өлкөсүнүн статусун тааныбай жатышы республикалык бюджетке зыянын тийгизет"

 

Учурдагы бийлик бутактарын легитимдештирүү үчүн тез арада парламенттик шайлоо өткөрүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 26-октябрда көз карандысыз юристтер бирикмесинин мүчөсү болгон Таттыбүбү Эргешбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын пикиринде эл аралык майдан Кыргыз өлкөсүнүн бийлик бутактарынын статусун легитимдүү деп тааныбай жатышы республикалык бюджетке зыянын тийгизет.

"Азыркы бийлик боюнча кээ бири легитимдүү десе, кээ бири легитимсиз деп ар кандай талаш-тартыш жүрүүдө. Биздин юридикалык бирикмебизге юристтер, жактоочулар, эксперттер кирет. Көз карандысыз юристтердин бирикмеси бийликти жасаган иш-аракеттеринде мыйзамдуулукту жана легитимдүүлүктү сактоого чакыруу максатында гана түзүлдү.

Учурдагы бийлик бутактарын легитимдештирүү үчүн өлкөдө шайлоо өткөрүү керек. Өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүүнү пландоону кырдагы абал деп эсептейбиз. Бүгүнкү күндө бийлик эл менен ачык сүйлөшпөй жатат. Чечимдер жеке кабинеттерде кабыл алынууда. Бул демократиялык принциптерге дал келбейт. Ошондуктан биз, көз карандысыз юристтердин бирикмеси, бийлик бутактарын эл үчүн ачык диалог түзүп берүүгө чакырабыз. Учурда эл аралык майданда биздин статусубузду эч ким легитимдүү деп кабыл ала элек. Мунун негизинде республикалык бюджетте дефицит турат", - дейт юрист Эргешбаева.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: