super.kg logo

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды

 

Акын Темирлан Ормуков БШКнын Өмүрбек Текебаевдин мандатын кайтарып берүү чечимин жокко чыгаруу үчүн сотко кайрылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Мен 16-октябрда БШКдан Текебаевдин мандат алуусу боюнча чечимдин түп нускасын алып, көчүрмөсүн сотко тапшыргам. Сот отуруму 2-ноябрга дайындалган. Мага Аслан деген бирөө жолугуп, БШКнын түп нуска чечимин бериңиз, сизге башка нускасын берели деп сунуштаган. "Эмнеге алмаштыргыңар келип жатат?" десем, ал чечимдин "туура эмес жактары болуп калыптыр" деп жалдыраган. Мен макул болбой койсом алгач 500 доллар анан миң долларга чейин сунуштап, такыр көнбөй койсом аябай сөгүп, башкача сүйлөшөбүз деп кетип калган. Мен башкача сүйлөшөбүз дегенин коркутуу катары баалап, жаныма жан сакчы алып жүрсөм, булардын башкача сүйлөшкөнү ушул турбайбы. БШКдан Текебаев боюнча протокол, акт, чечимдерди толук өзгөртүп, анан мен сотко тапшырган чечимди биздики эмес деп же жасалма деп танышат көрүнөт", - деп жазды ал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(1)
26.10.2020. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Текебейевтин кыргызстанга пайдасы жок,зыйаны көп!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: