БШК: "Форма-2 өлкөнүн чегинде пайдаланылбайт"
Мындан кийин форма-2 Кыргыз өлкөсүнүн чегинде пайдаланылбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
"Форма-2 боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага ылайык, өлкөнүн аймагынан тышкары жүргөн жарандар гана форма-2 боюнча добуш бере алышат. Бирок шайлоо күнү коомдук тартипти көзөмөлдөгөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнө жана байкоочуларга өздөрүнүн шайлоо тилкелеринен тышкары добуш берүүгө уруксат берилет. Калган категориядагы жарандар өз шайлоо тилкелеринде добуш беришет", - дейт Бекматов.
Эске салсак, БШК 24-октябрда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Nurzada_0111

26.10.2020. 13:41
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошондо Бишкекте жашап жаткан адам 5- 6 же андан коп жол басып айылына барып шайлап келиш керекби? Бул адилетсиз болуп калган жокпу?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.