Баткенде бир апта ичинде жол эрежесин бузган 800 айдоочуга карата протокол түзүлдү




Баткен облусунда "Бахус-Ролдо" аталышында Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан бир апталык комплекстүү профилактикалык рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, ушул жылдын 17-октябрынан 25-октябрына чейинки аралыкта Баткен ОИИБинин кызматкерлери тарабынан "Бахус-Ролдо" аталышындагы бир апталык рейддик иш-чара жүргүзүлгөн. Рейддин жүрүшүндө жалпысынан жол эрежесин бузган 800 айдоочуга карата протокол түзүлгөн. Анын ичинен мас абалда унаа башкарган 29, тийиштүү документтери жок унаа башкаруу 7, ылдамдыкты жогорулатып унаа башкаргандар 202, унаанын алдыңкы каптал айнектерин караңгылаткандар 9 жана мамлекеттик белгиси жок унаа башкарган 1 айдоочу аныкталып, 63 унаа убактылуу айып аянтчасына токтотулду.
"Бул иш-чаранын негизги максаты жол кыймылында айдоочулардын жол эрежелерин так сактоосу, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.