super.kg logo

"120 жашын белгиледи". Дүйнөдөгү эң кары адам Түркмөнстанда жашайт

 
Дүйнөдөгү эң кары адам Түркмөнстанда жашайт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Түркмөнстандын 1900-жылы туулган тургуну Ажапсолтан Хаджиева быйыл 120 жашын белгиледи. Ал Түркмөнстандын Марыйск административдик борборунда туулган. Жаш кезинде дыйканчылык, токуучулук, мал багуу менен алектенген. Айылдаштарынын арасында ар дайым чоң кадыр-баркка ээ болгон. Күйөөсү оорудан улам эрте эле көз жумган. Учурда Ажапсолтан Хаджиеванын 12 небереси, 67 чөбөрөсү жана 32 кыбырасы бар. Ал эми уулу учурда 86 жашта.
120 жаштагы Ажапсолтан узак өмүр сүрүүсүнүн сырларын неберелери менен бөлүшөт. Анын айтуусуна караганда, бактылуу өмүр сүрүш үчүн чынчыл жашаш керек, физикалык эмгектен качпай туура тамактануу керек. "Сиз көп басышыңыз керек, эмне ичип-жегениңизди көзөмөлдөп туруу кажет. Эң башкысы, биздин жан дүйнөбүз жана өлкөбүз тынч болсо, бейпил жашоо болот", - дейт Ажапсолтан.

Белгилей кетсек, буга чейин Япониянын 117 жаштагы Канэ Танака аттуу жашоочусу "Гиннесстин рекорддор китебине" 2019-жылдын 9-мартында эркектердин жана аялдардын арасынан дүйнө жүзүндөгү эң улуу жашоочусу катары кирген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
26.10.2020. 20:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин олкодо жылда майда пикет, 5жылда бир чон пикет. Анда биздикилер кандай болуп калат.
26.10.2020. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Паспортун алмаштырып алган го
26.10.2020. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
rysik79,болушу мүмкүн илгери пенсияга карап жаздырып алчу деп укам!
26.10.2020. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туркменистанга да ишенчи беле Гурбангулынын приказы менен 120 эмес 200догу адамды деле таап койушат булар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: