"Кырдаал кыйын". Францияда бир күндө 100 миң адамдан COVID-19 илдети аныкталды
Францияда бир күндө 100 миң адамдан COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Илимий кеңештин жетекчиси Жан-Франсуа Дельфресси билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.
Франциянын санитардык кызматы 25-октябрда 52 миңден ашуун адамдан коронавирус илдети аныкталып, жаңы рекорддук көрсөткүч катталганын билдирген.
"Биз абдан оор абалда турабыз. Бир күндө 100 миң адам аталган илдетке кабылды. Биздин оюбузча, бул коронавирустун экинчи толкуну", - деген Жан-Франсуа Дельфресси.
Ошондой эле алар COVID-19дун экинчи толкуну биринчиге салыштырмалуу оор болорун билдиришкен.
Францияда коронавирус илдети аныкталгандан бери 1 миллион 182 миң 153 адам илдетти жугузуп алган. Тилекке каршы, 34 миң 789 бейтап бул дүйнө менен кош айтышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.