super.kg logo
  Саясат  

Сыймык Жапыкеев: "Мен ишкерлерге кысым көрсөтүүгө жол бербейм"

 

Бүгүн, 26-октябрда Финполдун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынга жетекчи Сыймык Жапыкеев жана орун басарлары катышты. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, аталган жыйында Финполдун артыкчылыктуу багыттары, тагыраагы, мамлекеттин экономикалык коопсуздугун сактоо, ишкерлерди мыйзамсыз кийлигишүүдөн коргоо жана өлкөгө инвестициялардын агымы үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Жыйында Сыймык Жапыкеев текшерүү органдары бизнес же кандайдыр бир ишкердүүлүккө кайдыгер кийлигишүүсүн жана негизсиз текшерүүсүн токтотуу керектигин белгиледи.

"Эгерде фискалдык органдар текшерүү гана эмес өнөктөш болуп иштөөнү тандашса, анда бизнес жүргүзүү үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Мамлекеттик кызматкер менен ишкердин ортосундагы байланыш өтө зарыл. Коррупциялык себептер менен ишкерлерге кысым көрсөтө турган адамдар катуу жазаланышы керек",- деп билдирди финансы полициясынын жетекчиси.

Ошондой эле Жапыкеев коомдо чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар активдүү жайылып жаткандыгын белгилеп, буларга токтолду:

"Мен бизнеске кысым көрсөтүүгө жол бербейм, ушул сыяктуу ушактарды токтоосуз токтотуп, биздин кызмат ар бир ак ниет ишкерди коргойт жана колдойт деп ишендирем. Айрым кызыкдар күчтөр менин имиджимди шылдыңдап, каржы полициясынын ролун түшүргүсү келип жаткандай сезилип жатат. Биздин кызмат ишкерлер менен түз диалогго чыгат жана ак ниет бизнес өкүлдөрүн коррупциялык кысымдан коргоого даяр", - деп баса белгиледи Жапыкеев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: